Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология кызматы тарабынан берилген маалыматка ылайык, 26-февралда Бишкек жана Чүй облусунда күчтүү шамал күтүлүүдө.
Ведомствонун маалымат кызматынан билдиришкендей, шамал батыш тараптан секундасына 15–20 метр ылдамдыкта эсет.