Иссык-Куль мамлекеттик коругунда биоалуулукты сактоо боюнча «Ак-Илбирс» илимий борбору ачылат
Визит учурунда министр учурдагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты. Учурда реабилитациялык борбордун административдик имаратында котлованды казуу жана фундаментти куюу процессинин аяктагандыгы маалымдалды. Корукта да фундамент куюу аяктап, дубалдарды куруу улантылууда. Бул долбоордун алкагында «Ак-Илбирс» илимий борборун түзүү пландалууда, ал биологиялык түрдүүлүктү сактоого багытталат.
Министрликтен билдиришкендей, курулуштун максаттары корук кызматкерлеринин иштөө шарттарын жакшыртуу, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, табигый мурастарды коргоо жана жапайы жаныбарлардын сирек жана жок болуу коркунучундагы түрлөрүн калыбына келтирүүгө колдоо көрсөтүү болуп саналат. Жаңы комплекс региондун уникалдуу табийгаттын сакталуусуна, экотуризмдин өнүгүшүнө жана табигатты коргоо ишмердүүлүгүн күчөтүүгө жардам берет», - деп кошумчалашты басма сөз кызматы.