Бул деңгээл аялуу топтор үчүн зыяндуу деп эсептелет.
Бишкектеги эң булганган үч район:
1. Байтик - 129
2. Нагорье - 80
3. Бишкек эл аралык мектеби - 31
Башкы аба булгандыруучу зат PM2.5.
| Аба сапатынын индекси AQI | Булгануу деңгээли | |
| 0—50 | жакшы | Аба сапаты канааттандырарлык, булгануу деңгээли аз |
| 51—100 | канааттандырарлык | Аба сапаты кабыл алынуучу, бирок кээ бир заттар сезимтал адамдар үчүн кооптуу болушу мүмкүн |
| 101—150 | сезимтал топтор үчүн зыяндуу | Сезимтал адамдарга таасир этиши мүмкүн, бирок башкаларга көрүнүктүү таасир бербейт |
| 151—200 | зыяндуу | Бардыгы терс таасирлерди сезиши мүмкүн, айрыкча сезимтал топтор |
| 201—300 | абдан зыяндуу | Саламаттыкка олуттуу коркунуч, бардык калкка таасир этиши мүмкүн |
| 300+ | кооптуу | Саламаттыкка өтө кооптуу, ар бир адам олуттуу кесепеттерге дуушар болушу мүмкүн |
PM2.5 2.5 микрондон кичине катуу бөлүкчөлөрдү билдирет, бул адам чачынын диаметринин 30 эсе кичине. Бул бөлүкчөлөргө чаң, күкүрт, сажа, сульфаттар жана нитраттар кирет, алар атмосферада асмандагы абада илинип турат. Алар ири шаарларга мүнөздүү түтүнгө себепкер болот.
9-февралдагы эл аралык аба сапаты рейтингине ылайык, Бишкек дүйнөдө 19-орунду ээлейт (17:00).
Аба булгануусунан коргонуу боюнча кеңештер:
- булганган абанын киришин алдын алуу үчүн терезелерди жабыңыз;
- бет каптарды колдонуңуз;
- көчөдөгү физикалык жүктөмдү азайтыңыз;
- аба тазалагычтарды колдонуңуз.