

Пландык текшерүү учурунда Бишкек жана Аламудун районунун экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан унаалар анализден өттү.
Министрликтин маалыматы боюнча, текшерүү натыйжасында мыйзамдардын күчүндө болгон нормалар бузулганы аныкталды. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча бузучуга 23 миң сом айып пул салынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы бардык ишкердик субъекттерине мыйзам талаптарына так ылайык иш алып барууну катуу сунуштайт. «Көзөмөл иш-чаралары улантылат, жана бардык аныкталган бузулуулар боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт», - деп билдиришти кызматтын өкүлдөрү.