Депутат жарандарга жашылдандыруу үчүн участокторду берүүнү сунуштады. Кабминде бул идеяны колдоого даяр экендигин билдиришти.
Ал жарандарга муниципалитеттен жашылдандыруу максатында жер тилкелерин ижарага алууга же акысыз алууга мүмкүнчүлүк берүү сунушун киргизди. Анын айтымында, тургундар мындай долбоорлорго активдүү катышууга даяр. Бекешев ошондой эле, 7 мкрдөгү скверлерди жашылдандыруу үчүн демөөрчүлөрдү тартууга өзү даяр экенин кошумчалады.
Бул боюнча биринчи вице-премьер-министр Данияр Амангельдиев өкмөт депутаттын демилгесин колдоого даяр экенин белгиледи. Ал ошондой эле, жергиликтүү жерде жашылдандырууга багытталган өкмөттүн токтомдорун ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын жана бул иштер үч жылдан бери улантылып жатканын баса белгиледи.