УПСМ Бишкекте бир айлык иштин жыйынтыктарын чыгарды
Бишкекте милиция патрулдук кызматынын (УПСМ) иши боюнча жыйын өткөрүлдү. Иш-чара УПСМдин басма сөз кызматы билдиргендей, башкармалыктын начальниги Борборбек Ташматовдун жетекчилиги астында өттү. Жыйында жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча чаралар талкууланды, ошондой эле январь айындагы кызматтын иши анализделди.