Ат-Башыда «Нелегал» рейди өттү. Чет элдиктер текшерилди
Нарын облусунда, тактап айтканда Ат-Башы районунда «Нелегал» деп аталган рейддик иш-чаралар өттү, бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы маалымдады. Милициянын маалыматы боюнча, рейд учурунда район аймагында иштеп жаткан чет элдик жарандар текшерилди. Тартип коргоо органдары мигранттардын документтерин кылдаттык менен карап, Кыргызстанда болушунун мыйзамдуулугун текшеришти. Документтерди текшерүүдөн тышкары, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун курууда иштеп жаткан чет элдик