Иссык-Көлдө коркунучтуу кырсык болду. Алты киши каза болду.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жабыркагандардын арасында беш адам бар. Алардын үчөө ооруканага жаткырылды, анын ичинде эки жаштагы бала, ал реанимацияда критикалык абалда жатат.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы авария тууралуу толук маалымат кийинчерээк берилерин билдирип, окуянын жагдайлары дагы такталууда экенин маалымдады.