Шопоковдо жоголгон тогуз жашар бала табылып, ата-энесине кайтарылды
Окуя 26-мартта болуп, бала саат 16:00 чамасында Достук көчөсүндөгү 43-үйдөн велосипед тебүү үчүн чыгып кеткен, бирок кайра келген эмес. Бул окуядан кийин Сокулук райондук ички иштер бөлүмүндө жоголуу фактысы катталып, издөө иштери башталган.
Бүгүн милиция баланын кайда экенин аныктап, аны кайра ата-энесине өткөрүп берди.
Баланын абалы туруктуу, анын өмүрүнө жана ден соолугуна эч кандай коркунуч жок.
Дагы окуңуз:
Сокулукте тогуз жаштагы бала жоголду: милиция жардам сурайт
Чүй облусунда 2017-жылы төрөлгөн 9 жаштагы Нурислам Шайдуллаевди издөө иштери башталды. Тиешелүү...