
Текшерүүнүн жүрүшүндө Asia Consult Visa компаниясы, визалык колдоо боюнча жалган убадаларды колдонуп, жарандарды зарыл уруксатсыз жумушка орноштуруп жаткандыгы аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен жумушка орноштуруу чөйрөсүндөгү мыйзамсыз ишмердүүлүк боюнча укук бузуулар кодексине ылайык административдик протоколдор түзүлдү.
Аталган компаниянын аракеттеринен жабыркагандарга Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылуу сунушталат.