
Милициянын маалыматына ылайык, ал 2025-жылдын 21-декабрында Сокулук районунун Белек айылындагы (Дача Глория көчөсү, 14) үйүн таштап кеткен жана ошол убактан бери анын кайда экени белгисиз.
ГУВДнын сүрөтү
Алдын ала белгилери: бойу 160-165 см, арык дене түзүлүшү, кыска, ак сары чач жана күрөң көздөр. Өзгөчө айырмалоочу белгилери жок.
Жоголгондо ал кара шапка, куртка, кара спорттук шым жана күрөң бут кийим кийип турган.
Бул иш боюнча материалдар катталган, учурда текшерүү жүргүзүлүүдө.
Милиция Исаковдун кайда экени тууралуу маалыматка ээ болгондорду Сокулук РОВДсына төмөнкү телефон номерлери аркылуу билдирүүгө чакырат: 0313453380, 0558861486, 0551414410.