Ош шаарында коомдук тамактануу жайында өрт чыкты
МЧСтин маалыматына ылайык, өрт «Бунёд» аттуу жайда, Раимбеков көчөсүндө орун алган. Өрт бул кафенин түтүк (вытяжной системасы) бөлүмүндө башталган, ал беш кабаттуу турак жайдын биринчи этажын ээлейт.
Алгачкы өрт өчүрүү бөлүмдөрү окуя болгон жерге 21:20да келишти. 21:27де отту локализациялоого жетишишти, ал эми 22:04тө өрт толугу менен өчүрүлдү.
Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт чыккан аянт 20 чарчы метрге жакын болгон. Өрт өчүрүүчүлөрдүн тез арада реакция кылуусунун натыйжасында, от турак жайдын этаждарына таралган жок.
Кудайга шүгүр, окуянын натыйжасында эч ким жабыркаган жок, курмандыктар жок. Өрттүн себептери азыркы учурда өрт коопсуздугу кызматкерлеринин тарабынан аныкталууда.