
Окуя тууралуу маалымат 2026-жылдын 25-февралында 1996-жылы туулган К.Ж. аттуу жарандан милицияга келип түшкөн. Ал 22-февралдан 23-февралга караган түнү белгисиз адамдар дүкөнгө мыйзамсыз кирип, көрсөтүлгөн сумманы уурдап кеткенин билдирген.

Бул боюнча Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 205-беренеси (уурдап алуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.
Оперативдүү-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө үч шектүү кармалган: М.Н. (2009-жылы туулган), М.М. (2001-жылы туулган) жана К.Т. (2004-жылы туулган). Алар Ош жана Бишкек шаарларында жашырынып жүрүшкөн.
Тергөө маалыматтарына ылайык, уурдалган акча кармалгандар арасында бөлүштүрүлгөн. Алардын жарымынан көбүн Бишкекте авто сатып алууга жумшап, калган акчаны жеке муктаждыктарына колдонушкан.
Азыркы учурда алардын башка кылмыштарга катышы бар-жогу текшерилип, тергөө уланууда.