Тергөөнүн-оперативдик тобу окуя болгон жерге келди. Дача участкасында, тосмонун жанында, 15-20 см тереңдикте эркек кишинин, аркасына жатып жаткан, денеси табылды. Маркумдун жеке маалыматы такталды - Б. Н., 1993-жылы төрөлгөн.
Окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 122-беренеси "Өлтүрүү" боюнча кылмыш иши козголду.
Д. Р. 2014-жылдан бери психиатрдын көзөмөлүндө экендиги аныкталды.Шектүү катары 1988-жылы төрөлгөн Д. Р. кармалды. Ал убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды. Учурда тергөө уланууда.