Дональд Трамп дагы бир жолу башка өлкөдө бийликти басып алуу тууралуу үн катты
АКШнын президенти: "Мен Кубаны багындыруу мен үчүн чоң сыймык болот деп чын жүрөктөн ишенем. Бул керемет болмок. Бул чоң сыймык. Мен аны бошотуп же багынтып ала алам — мен көп нерсеге жөндөмдүү экениме ишенем", - деди Трамптын сөздөрүн басылма келтирди.
Мурда Кубанын бийликтери Трамптын администрациясы менен учурдагы кырдаалды чечүү боюнча сүйлөшүүлөр жөнүндө айтып өткөн. Трамп өзү да бул талкууларды тастыктады. Ал Кубаны "мурунку мамлекет, нефтиси жок, бирок керемет жер" деп мүнөздөгөн.