4 миңден ашык кылмышкер Кыргызстанда табылбай жатат
2025-жылы кылмыш иштеринин алкагында 344 адам издөөдө деп жарыяланган. Ошондой эле, мурдагы жылдардан 3 миң 848 кылмышкер дагы издөөдө.
Мындан тышкары, Генпрокуратурада балдардын жоголуу учурларынын санынын көбөйгөнү белгиленди. Эгер 2024-жылы 388 мындай учур катталса, 2025-жылы алардын саны 588ге жетти.
Натыйжада, 349 жарандын, дайынсыз жоголгондордун, тагдыры белгисиз бойдон калууда.