
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, милицияга К. Э. аттуу жаран кайрылып, белгисиз аялдардын алдамчылык жолу менен анын акчасын алып кеткенин билдирген.
Бул кайрылуунун негизинде Кылмыш кодексинин 209-беренеси боюнча "Алдамчылык" боюнча кылмыш иши козголду.Тергөө иштеринин натыйжасында шектүүлөрдүн бири катары Чүй облусунун 1984-жылы туулган А. Р. аттуу тургуну аныкталды. Ал 2008-жылдан бери адвокаттык ишмердик менен алектенип, Чүй облусунун Адвокатурасына кирет. Мындан тышкары, тергөө А. Р. мурда да ушундай алдамчылык схемаларын колдонуп, башка жарандардын акчасын алганын аныктады, деп билдиришти Ички иштер министрлигинен.
Шектүү А. Р.

Шектүү А. Р.
А. Р. кармалып, Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.