ДТП Бишкек–Ош жолунда 17 жаштагы кыздын өмүрүн алды
Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, болгон окуя тууралуу маалымат шаардык оорукананын медициналык кызматкери тарабынан «102» номерине келип түшкөн. Авария 2026-жылдын 11-мартында, түнкү саат 03:50дө Бишкек–Ош жолунун 389-километрине орун алган.
Окуя болгон жерге келген адистер, Ош тарапка бараткан «Nissan Almera» жеңил автоунаасы Бишкек тарапка коюлган «DAF» жүк автоунаасы менен кагышканын аныкташты.
Авариянын натыйжасында, жүк автоунаасынын жанында турган 17 жаштагы Кара-Кулдун тургуну Г.Т. каза болду. Ал алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде жан берген.
Учурда зарыл болгон тергөө иштери жүргүзүлүп, укук коргоо органдары бул трагедиянын бардык фактыларын жана себептерин аныктоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.