
Ведомствонун маалыматына ылайык, 9-мартта түн ичинде жигит терезени сындырып, 71 жаштагы эркектин үйүнө кирип, ал жерден Xiaomi Redmi 5 маркасындагы телефонду жана короодо турган велосипедди уурдап кеткен.
Ошол эле түнү, 74 жаштагы жаранга таандык башка үйдөн 20 миң сом жана Xiaomi Redmi A1 телефонун уурдап кеткен.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын сүрөтү
Мындан тышкары, Баткен облустук ооруканасынын аймагында өспүрүм, болжол менен, Kia K7 унаасынан 50 миң сом жана банк карталарын уурдап кеткен.
Ошондой эле, ал Чынар-Бак мечитинин жанында Honda CR-V 3 унаасынын терезесин сындырып, ичиндеги Xiaomi Redmi 10 телефонун уурдап кеткен деп шектелүүдө.
Учурда төрт кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.