
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы өлкөгө чоң партиядагы кургатылган жемиштердин мыйзамсыз алып кирилишинин алдын алды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
Рейддин алкагында жүргүзүлгөн салык контролунун жүрүшүндө, кызматкерлер Казакстан Республикасынан келген жүк ташуучу унаалардын биринде эсепке алынбаган товарларды табышты. Текшерүүнүн натыйжасында унаада 7 600 кг салмактагы финик пальмаларынын мөмөлөрү (финиктер) бар экени аныкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү актылар түзүлдү жана жыйналган материалдар негизинде камеральдык салык текшерүүлөрүн өткөрүү пландалууда.