
10-март күнү саат 10:00дөн 22:00гө чейин Бишкектин айрым бөлүктөрүндө ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык башкармалыктын маалымат кызматы билдирди.
Суу жок калчу жайлар: турак жай имараттары, билим берүү мекемелери, бала бакчалар, медициналык мекемелер жана башка социалдык жана өнөр жай объектилери.
Токтотуу зоналары: Октябрь көчөсү — ВБЧК — Аламедин дарыясы — Путепроводная көчөсү.

Токтотуунун себеби «ХБО» суу алуу жайында жана шаардагы суу камсыздоо системаларында реконструкция жүргүзүлүшү болуп саналат.