КРнын өлтүрүү, уурдоо жана жезөкшөлүк уюштуруу боюнча айыпталган жарандарын Польшага өткөрүп берди
Экстрадиция Кыргызстандын Интерполдун Улуттук борбордук бюросунун жана Мамлекеттик жаза аткаруу кызматтын колдоосу менен ишке ашырылды.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, экстрадицияланган адамдар мурда Польша соттору тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө байланыштуу оор кылмыштар үчүн соттолгон.
Аларга киши өлтүрүүгө аракет кылуу, уурулук, талап-тоноо, жезөкшөлүк уюштуруу, ошондой эле контрабанда жана ири партиялардагы наркотиктерди мыйзамсыз жүгүртүү сыяктуу кылмыштар коюлууда.
Ведомстводо Кыргызстан транснационалдык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштө эл аралык кызматташтыкты активдүү өнүктүрүп жатканын белгилешти.