Чолпон-Атада дагы бир чет өлкөлүк жаран, 1980-жылы туулган Д. К. кармалды. Ал да алдамчылык үчүн издөөдө болгон, анын натыйжасында 8 346 000 орус рубли (чамамен 9,3 миллион сом) зыян келтирилген. Ал Кыргызстандын жарандыгы боюнча башка атка берилген паспортту колдонгон.
Ички иштер министрлиги паспортту алуу мыйзамдуулугун тиешелүү органдар текшерип жатканын баса белгилейт.Мындан тышкары, Бишкекте 1986-жылы туулган О. Ч. кармалды. Ал да Түркия тарабынан алдамчылык, курал колдонуу менен коркутуу жана ден соолукка зыян келтирүү үчүн издөөдө болгон.