Кыргызстанда бир сутка ичинде 6 өрт катталды
Жалпы өрт окуяларынын ичинен 2 учур Ош облусунда, 2 Чүй облусунда, ошондой эле Бишкек жана Баткен облусунда бирден окуя катталды.
Бишкекте, Ленин районунда Тыныбекова көчөсүндө, от турак үйдүн ичинде жайылып, натыйжада эки терезе жабыркап, генератор күйүп кетти.
Ош облусунун Кара-Суй районунда Жылкелди айылында Зулуева көчөсүндө устаканада өрт чыкты, натыйжасында 10 чарчы метр аянттагы чатыр, сварочный аппарат жана унаанын бир бөлүгү жок болду.
Ош облусунун Алай районунда Уч-Добо айылында муздаткычтары бар жүк ташуучу унаа күйүп кетти.
Баткен облусунун Кадамжай районунда Мин-Чынар айылындагы көчөлөрдүн биринде 91 чарчы метр аянттагы турак үйдүн эки бөлмөсү жана чатыры күйүп кетти.
Чүй облусунун Кемин шаарында Шевченко көчөсүндө турак үйдүн чатырына өрт чыгып, 1 чарчы метр аянтты каптады.
Мындан тышкары, Ысык-Ата районунда Бишкек—Нарын—Торугарт трассасында жүк ташуучу унаанын трейлеринин дөңгөлөктөрү күйүп кетти.
Учурда бул өрттөрдүн келип чыгуу себептери аныкталууда.