
Каза болгон кыздын туугандары үй-бүлөлүк зомбулук фактылары тууралуу билдиришти
Ноокат районунда жайгашкан Кок-Бел айылында асынып калган жүктүү кыз табылды. Трагедия тууралуу маалымат Ош облусунун Ички иштер башкармалыгына келип түштү.
Коомдук коопсуздук органдарынын маалыматына ылайык, 20-февралда 20 жаштагы жергиликтүү тургундун денеси үйүнүн мал сарайында табылган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп, зарыл экспертизалар дайындалды.
Ошентсе да, кыздын туугандары өзүн-өзү өлтүрүү версиясына шектенишүүдө. Алардын айтымында, бир жыл мурун кыз турмушка чыгып, күйөөсүнүн физикалык зомбулугуна көп жолу даттанган. Алардын сөзүнө караганда, кыздын денесинде арка жана бөйрөк аймагында көгала тактар табылган. Мындан тышкары, трагедиядан бир нече убакыт мурун ал жүктүү экенин билдирген.
Сүрөт www