Ноокат районунда 20 жаштагы жигиттин асылып калган денеси табылды
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 20-февралында райондук ички иштер бөлүмүнө 112 кызматы тарабынан билдирүү келип түшкөн. Анда 20 жаштагы Кок-Бел айылында жашаган жигиттин өзүнүн үйүнүн жеринде жайгашкан мал сарайында асынып калгандыгы тууралуу айтылган.
Белгиленген процедураларга ылайык, бул окуя катталып, учурда тергөө алдын ала текшерүү жүргүзүлүүдө. Өлүмдүн жагдайларын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Учурда зарыл болгон текшерүү иш-чаралары улантылууда.