Бишкекте «Субурбан» тротуардан өттү, айдоочуга протокол түзүлдү
Бул окуянын натыйжасында айдоочуга карата укук бузуулар боюнча протокол түзүлдү.
Айдоочунун өзүнүн айтымында, ал тротуарга чыгып кеткен, анткени мусор ташуучу унаа жолду тосуп калган. Акырында, айдоочу камерага кечирим сурап, колунда түзүлгөн протоколду кармап, мындай окуянын кайрадан болбой тургандыгын убада кылды.
Патрулдук милициянын өкүлдөрү тротуарлар жөө адамдар үчүн гана арналгандыгын жана алар боюнча транспорт каражаттарынын жүрүшү мыйзамды бузуу экендигин, бул болсо жарандар үчүн кооптуулук жаратат экенин белгилешти.