Бишкекте 10-кабаттан кулап кеткен 18 жаштагы кыз каза болду
Башкы шаардык Ички иштер башкармалыгына «102» кызматына бул окуя тууралуу маалымат келип түшкөндөн кийин, окуя болгон жерге дароо тергөө-оперативдик топ жөнөтүлгөн.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында каза болгон адамдын жеке башын аныктоо мүмкүн болду. Ал 2008-жылы туулган З.К. болуп чыкты.
Окуянын фактысы Бишкек шаарынын Октябрь районунун ЖУИне катталган, ушул себептен улам тергөө алдын ала текшерүү башталды.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды, трагедиянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн зарыл тергөө иштери жүргүзүлүүдө.