
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы 24 сааттын ичинде өлкөдө 9 өрт кырсыгы катталды. Алардын жоюлушуна 9 өрт өчүрүүчү команда катышты.
Өрттөрдүн аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү төмөндөгүдөй:
- 1 учур Нарын облусунда;
- 2 учур Чүй облусунда;
- 1 учур Ош облусунда;
- 4 учур Ысык-Көл облусунда;
- 1 учур Жалал-Абад облусунда.
Мындан тышкары, куткаруу кызматкерлеринин 4 жолу жардам көрсөтүү үчүн чыгуу болду.