
Жүргүзүлгөн рейддин натыйжасында, салык кызматынын кызматкерлери Бишкекте тыюу салынган электрондук сигареттер сатылган жерди аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын (МСК) басма сөз кызматы билдирет.
Алынган маалыматка ылайык, бул соода жайы борбордун 7-микрорайонунда жайгашкан турак үйдүн подвалында орун алган.
Текшерүү учурунда соода уюштуруп жаткан адамдын аты-жөнү Э.Д.Ж. экени аныкталды. Продукция кардарларга курьердик кызматтар жана такси аркылуу жеткирилген, бул болсо сатуу схемасынын уюштурулганын көрсөттү.

Операциянын натыйжасында 3 миллион сомдон ашык жалпы суммасы 3 миңден ашык никотин камтылган товарлар алынды, алар укук коргоо органдарына кийинки аракеттер үчүн өткөрүлөт.