Көп кабаттуу үйдөн кулап кеткен. Каза болгон 18 жаштагы кыз болду
Коопсуздук органдарынын маалыматына ылайык, таңкы саат 8:35те борбордун ГУВДсына Белорусская көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 10-кабатынан кыздын кулаганы тууралуу чакыруулар түшкөн.
Окуя болгон жерге дароо тергөө-оперативдик топ жөнөтүлдү. Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө каза болгон адам З.К. аттуу, 2008-жылы төрөлгөн жаран экендиги аныкталды.
Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды жана болгон окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн зарыл тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Кошумча маалыматтар кийинчерээк берилет.