
Шамалдын ылдамдыгы 15-20 м/с деңгээлде күтүлүүдө
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, жакынкы үч сааттын ичинде, ошондой эле күн бою Бишкек жана Чүй облусунда батыш шамалынын күчөшү күтүлүүдө.
Шамалдын ылдамдыгы 15–20 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Метеорологдор тургундарды көңүл буруп, этият болууга чакырышууда.