Бишкекте көркөм гимнастика боюнча машыктыруучу кармалды

Марина Онегина Окуялар
VK X OK WhatsApp Telegram
Бишкекте көркөм гимнастика боюнча машыктыруучу кармалды

Ал 7 жаштагы кызга машыгуу учурунда дене жаракаттарын келтирген деп айыпталууда


Бишкектин Октябрь РУВДсына А.М. аттуу жарандан, кызынын машыктыруучусуна чара көрүүнү өтүнгөн арыз келип түштү. Анын айтымында, машыгуу учурунда машыктыруучу анын 7 жаштагы кызына жаракат келтирген. Бул тууралуу милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси «Ден соолукка оор зыян келтирүү» боюнча кылмыш иши козголду.

Текшерүү учурунда укук коргоо органдары машыктыруучунун жеке башын аныктап, 2002-жылы төрөлгөн А.Н.ны кармашты.

Ал тергөө органдарына жеткирилди жана убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.

сүрөт www
VK X OK WhatsApp Telegram

Дагы окуңуз: