
19-февралда эртең менен Норфолктогу Сандрингем королдук имаратына келген унаалар катталган, ал жерде азыр Маунтбеттен-Виндзор жашайт. Кийин британ полициясы кармоо тууралуу билдирүү таратты, анда кармалган адамдын аты аталган жок.
Расмий билдирүүдө укук коргоо органдары: "Бүгүн тергөө алкагында Норфолктон алтымыштан ашкан эркек киши кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу шектөөсү боюнча кармалды. Беркшир жана Норфолктогу даректер боюнча тинтүү жүргүзүлүүдө. Эркек киши камакта" деп айтылат.
Экс-принцке коюлган айыптар
Британ полициясынын маалыматына ылайык, учурда Эндрю Эпштейнге конфиденциалдуу материалдарды бергендиги боюнча арыз каралууда. АКШда жарыяланган Эпштейн боюнча документтерде ал Эпштейнге Сингапур, Гонконг жана Вьетнамга болгон сапарлары тууралуу отчетторду, ошондой эле инвестиция мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маанилүү маалыматтарды бергендиги айтылат. Бул боюнча антимонархиялык Republic уюму Темза өрөөнүндөгү полицияга (Бакингемшир, Беркшир жана Оксфордшир графтыктарында) кызматтык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу жана мамлекеттик сырды бузуу боюнча шектөөлөрдү териштирүүнү өтүнүп кайрылды.Эндрю Маунтбеттен-Виндзор.
66 жаштагы Эндрю бардык айыптарды четке кагып, анын аракеттери мыйзамды бузган эмес деп билдирүүдө. Бирок, 2025-жылдын октябрь айында король аны принц наамынан жана калган наамдарынан ажыратты, ал эми андан мурда Эндрю өз ыктыяры менен Йорк герцогунун наамынан баш тарткан.
Улуу Британияда коомчулук Эндрюдан Эпштейн менен болгон байланыштары боюнча АКШда көрсөтмө берүүнү талап кылууда.