
Бир нече өспүрүм ооруканага жаткырылды
Бишкекте мектеп окуучуларынын арасында массалык мушташ болуп өттү, бул тууралуу Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Жаштар иштери боюнча инспекциянын маалыматына ылайык, 19-февралда борбордогу мектептердин биринде олуттуу конфликт болгон.
Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери жана тез жардам бригадасы чакырылган, алар мушташты токтотууга жетишишти. Жаракат алган өспүрүмдөр медициналык мекемеге жеткирилди. Конфликтке катышкан балдардын ата-энелери да профилактикалык сүйлөшүү өткөрүү үчүн милиция бөлүмүнө алып келинди. Алардын кээ бирлери арыз жазышты.
Учурда хулигандык боюнча териштирүү жүргүзүлүүдө.
Сүрөт www