Москва районунда фермердик чарбадан 425 миң сом уурдалды
Окуя 24-январда Москва районундагы Сретенка айылында орун алган. Түштөн кийин үч саат чамасында, кылмышкер терезеден кирип, фермердик чарбанын бухгалтериясынан 425 миң сомду уурдап кеткен.
Кылмышкердин аракеттери КРнын Кылмыш кодексинин 205-беренеси ("Уурдоо") боюнча квалификацияланды.
«Бандит» жана «Арсенал» рейддеринин алкагында жүргүзүлгөн оперативдик иш-чаралардын жүрүшүндө укук коргоо органдары шектүү К.Д. 1980-жылы туулган адамды кармашты. Учурда ал убактылуу кармоо жайында жатат.
Кармалган учурда анын колунда пистолет табылган.
Тергөөнүн иштери уланууда.
Дагы окуңуз:
Чүй облусунда 425 миң сом уурдоого шектелген адам кармалды
Чүй облусунун милиция кызматкерлери ири суммадагы акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу боюнча...
Студент кыздын сумкасын 300 миң сом жана 2 миң доллар менен жогорку окуу жайында уурдашты. Күдүк адам кармалды.
Бишкекте, бир университетте, уурулук болду. Милицияга кайрылган студент кыз 2025-жылдын...