
Милициянын маалыматына ылайык, 13-февралда саат 12:16да ОВДга Беловодск айылындагы Крупская көчөсүндөгү үйдөн аялдын денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө-оперативдик топ жөнөтүлгөн.
Текшерүү учурунда мойнунда, жүзүндө жана чачында дене жаракаттары аныкталган. Маркум аял эркек менен анын балдары менен бир үйдө жашаган.
Москва районунда аялды өлтүрүүгө шектелген адам кармалды.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кечээ алар спирт ичимдиктерин ичишкен, ортосунда конфликт болуп, эркек аялга дене жаракаттарын берип, ал каза болуп калган.
Бул факт боюнча "Өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 1982-жылы туулган шектүү кармалып, ИВСке киргизилди.
Керектүү экспертизалар дайындалды. Тергөө уланууда.