Чүй облусунда 66 жаштагы аял өлтүрүлдү. Анын менен жашаган 44 жаштагы эркек кармалды.
Окуя тууралуу маалымат 13-февралда саат 12:16да Москва районунун ОВДсына келип түшкөн. Беловордское айылында, Крупская көчөсүндөгү үйдө 66 жаштагы аялдын зордук-зомбулук менен өлгөндүгүн билдирген денеси табылган.
Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери маркумдун денесин короодогу диванда, чатырдын астында жатып тапкан. Денесинде моюн, жүз жана баштын арткы бөлүгүндө сабалган издер бар экендиги аныкталган.
Тергөө учурунда аял бул үйдө эркек менен анын эки баласы менен жашагандыгы белгилүү болду. Ошондой эле, алар кечээ алкоголдук ичимдиктерди ичип, конфликтке туш болуп, бул уруш менен аяктагандыгы аныкталды.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасының Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Киши өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголду.
Шектүү, 44 жаштагы М.Р., кармалып, убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Дагы окуңуз:
Чүй облусунда эркек аялды өлтүргөнчө сабады: шектүү кармалды
Чүй облусунун Москва районунда укук коргоо органдары 65 жаштагы аялды өлтүрүүгө шектелген эр...
Беловодское айылында жубай 66 жаштагы аялды өлтүрүп койгон
Конфликт алкогол ичип отурган учурда болгон Беловодское айылында катаал өлтүрүү фактысы катталды:...
Чүй облусунда жубайын өлтүрүүгө шектелген эркек кармалды
Чүй облусунда 65 жаштагы аялды өлтүргөн деген шек менен эркек киши кармалды. Жаракаттары көрүнүп...
Беловодск шаарынын тургуну жубайын өлтүрүүгө шектелип кармалды
Москва районунда жайгашкан Беловодск айылында 1960-жылы туулган аялдын денеси табылды. Зомбулук...