Ош шаарында мотор майларынын складында өрт чыкты
Куткаруу кызматтарынан алынган маалыматка ылайык, өрт 14-февралда саат 16:45те Кара-Суй көчөсүндө орун алды. Бактыга жараша, кырсыктан жабыркагандар жок.
Өрт 17:21ге чейин локализацияланды, ал эми толук өчүрүү куткаруу кызматтары тарабынан 18:47де жүргүзүлдү.
Өрттөн жабыркаган жайдын аянты 60 чарчы метрди түздү. Кырсыктын натыйжасында, имарат гана эмес, ошондой эле 7 пластик май контейнери (ар бири 1 тонна), күйүүчү май колонкасы, электр мотору жана муздаткыч сыяктуу үй-техникалары жок кылынды.