Чоң «Рэндж Роверди» сатышып, акчаны өздөрүнө алышты. Шектүүлөр кармалды.
Милицияга кайрылуу борбордун тургундарынын биринен келип түшкөн. Ал 2025-жылдын 16-сентябрында 2019-жылы чыгарылган «Рэндж Ровер» үлгүсүндөгү унаасын убактылуу пайдалануу үчүн сатуу максатында өткөрүп бергенин айтты. Бирок унааны саткандан кийин, акчасы кайтарылган эмес.
Бул окуянын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») боюнча кылмыш иши козголду.
Шектүү катары 1999-жылы туулган М.А. жана 2001-жылы туулган Т.А. аттуу адамдар аныкталды. Алар убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Дагы окуңуз:
Бишкекте Range Rover унаасы менен алдамчылыкка шектүүлөр кармалды
Башкы шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан берилген маалыматка ылайык, Октябрь райондук...