Окуя болгон жердеги маалыматты текшергенден кийин, тергөө бөлүмүнө 2004-жылы туулган Г. Д. жана 1988-жылы туулган агасы К. Б. жеткирилди.
Арыз берүүчү Г. Д. 12-февралда, кечки саат 19:30 чамасында, агасы К. Б. менен ортосунда чыр чыгып, ал аны сабаганын айтып берди. Ал ага каршы чара көрүүнү суранып жатат.Анткен менен, бул иш боюнча арыз берүүчү соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартты.
Алдын ала текшерүү учурунда коргоо ордери да берилди.
Милиция өкүлдөрү бул адамдын Ички иштер министрлигинин кызматкери эместигин белгилешти.