Таласта милиция кызматкерлери күйүп жаткан унааны ыкчам өчүрүштү
Маалыматка ылайык, окуя 2023-жылдын 11-февралына караган түнү, саат 22:35 чамасында болгон. Патрульдөө учурунда патрульдук пост кызматкерлери жолдун жээгинде токтоп турган унаанын алдына чыккан отту байкашкан.
«Патруль кызматкерлери шаардагы көчөлөрдүн биринде отту көрүп, дароо өрттү өчүрүүгө киришишти. Алар отту тез арада локализациялап, андан кийин болгон окуя тууралуу 102 кызматына билдиришти», — деп айтылат маалыматта.
Кийин милиция кызматкерлери унаанын ээси ким экенин аныкташты, ал көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирди», - деп кошумчалашты маалымат кызматы.
Дагы окуңуз:
Кайсы валютанын баасы көтөрүлдү? Коммерциялык банктардагы алмашуу курсу 6-февралда
Кыргызстандын Улуттук банкы 6-февралга карата валюталардын курстарын жарыялады: Доллардын курсу...
Без изображения
Рубль улам кымбаттап жатат. 23-январда коммерциялык банктардагы валютанын курсу
Кыргызстандын Улуттук банкы 23-январга валюталардын курстарын жаңыртты: Коммерциялык финансылык...