Балыкчыда мектеп окуучусунун үстүнө дарбаза кулады. Баланы ооруканага жаткырышты.
3-февралда социалдык тармактарда Балыкчынын тургуну Ч. А. болуп өткөн окуя тууралуу маалымдады. Ал дарбазанын Таш-Сарай айылынан келген окуучунун үстүнө кулаганын, ал футбол аянтчасында ойноп жатканда болгонун белгилеп, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну талап кылды.
Маалыматка ылайык, жабыркаган бала 2015-жылы төрөлгөн, 1-февралда саат 17:30 чамасында башка балдар менен аянтта болгон, ошол учурда дарбаза кулап, аны басып калган.
Балага медициналык жардам көрсөтүлүп, операциядан өттү.
Бул окуя боюнча зарыл экспертизалар жүргүзүлүп, тергөө иштери улантылууда.