
Сүрөт иллюстрациялык
Алдын ала маалыматтар боюнча, 26 жаштагы эркек киши Жалал-Абад облусунан Яссы дарыясына атын сугаруу үчүн бараткан. Бирок ушул учурда жаныбар тайгаланып, атчы менен кошо жардан сууга кулап кеткен. Окуянын натыйжасында оюнчу ошол жерде каза болду.
Учурда милиция тергөө иштерин жүргүзүп, соттук экспертиза дайындалды.
Жергиликтүү маалымат каражаттары тарабынан берилген маалыматка ылайык, аламан улак турнирынын уюштуруучусу белгилүү кок бору оюнчусу Манас Ниязов. Ал мурунку билдирүүсүндө, мелдешке Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Афганистан сыяктуу бир нече өлкөнүн спортчулары катыша турганын маалымдаган. Приздер катары үч унаа, жүз түйө жана башка баалуу белектер сунушталган.