
Ведомствонун маалыматына ылайык, экстрадиция Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен Грузиянын тиешелүү органдарынын биргелешкен аракеттеринин натыйжасында мүмкүн болду.
Башкы прокуратуранын сүрөтү
Кыргызстанга келгенден кийин, С.Т. тергөө абагына жайгаштырылып, кылмыш ишинин алкагында тергөө улантылууда.
Башкы прокуратура чет өлкөдө кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн жарандардын жайгашкан жерин аныктоо, кармоо жана экстрадициялоо боюнча иштер дайыма жүргүзүлүп жатканын баса белгилейт.