
Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 30-декабрында саат 13:45те А.А. аттуу студент милицияга кайрылган. Ал белгисиз адам Чингиз Айтматов проспектинде жайгашкан аудиторияга кирип, анын сумкасын уурдап кеткенин айтты.
Сумкада 300 миң сом, 2 миң АКШ доллары жана iPhone 15 болгон. Уурулук кылгандан кийин шектүү кылмыш болгон жерден качып кеткен.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 205-беренеси «Уурулук» боюнча кылмыш иши козголду.
УВДнын сүрөтү
Милициянын ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө 32 жаштагы У.Э. аттуу эркек киши кармалды. Ал тергөө бөлүмүнө жеткирилди жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоо жайына жайгаштырылды.
Учурда анын башка окшош кылмыштарга катышы текшерилип, тергөө иштери улантылууда.