Бишкектеги Ак-Сай көчөсүндө «Кыргыз кербен» заводуна тиешелүү имаратта өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалымат кызматынан билдиришти.
ӨКМдин маалыматына ылайык, окуя болгон жерде беш өрт өчүрүү бригадасы иштеп жатат.
Окуя тууралуу кошумча маалымат кийинчерээк берилет, деп убада беришти ведомстводон.