
Маалыматка караганда, 29-январда саат 13:00 чамасында кыз № 94 мектептен, «Дордой» турак жай комплексинде жайгашкан, чыгып, автобуска отурган, андан кийин жоголуп кеткен.
Кыздын бою 150-160 сантиметр, кара түстөгү орто узундуктагы чачы бар. Ошол күнү ал ак түстөгү кыска куртка, күрөң шапка, жашыл шарф жана кара шым кийип жүргөн.
Жарандар! Эгерде Нагима Иличбековна Жусубекованын кайда экендиги тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, сураныч, +996 703 43 77 83 жана 102 номерлери боюнча билдирип коюңуздар.
Учурда жоголгон кызды табуу үчүн активдүү издөө операциялары жүргүзүлүүдө.