
Ал жаза өтөдө, ал саламат.
Эскерте кетсек, 2023-жылдын июнь айында Аламудун райондук соту Чүй облусунда Мурсалым Умырзаковду заказдык киши өлтүрүүгө катышкандыгы үчүн соттогон. Ал бир нече беренелер боюнча, анын ичинде "Уюмдашкан топ түзүү же ага катышуу", "Адамды уурдоо", "Байлык талап кылуу" жана "Киши өлтүрүү" боюнча күнөөлүү деп табылып, катуу режимдеги колонияда 14 жыл эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо жазасына тартылган.