Бишкекте унаасында жалган мамлекеттик номер табылган айдоочуну кармашты
Текшерүү учурунда айдоочу наркотиктердин таасиринде экендиги аныкталды.
Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кармалган адамда айдоочулук күбөлүк болгон эмес, ал эми унаадан эки жасалма номерлер табылган. Айдоочу аларды текшерүүгө өз ыктыяры менен өткөрүп берди. «Коопсуз шаар» видеокөзөмөл системасы аркылуу бул номерлердин мурунку колдонулушу боюнча текшерүү жүргүзүлөт. Бузачыга карата керектүү протоколдор түзүлүп, алар сотко жөнөтүлдү. Унаа белгиленген эрежелерге ылайык, айып пул токтотуучу жайга жөнөтүлдү.